Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:33

13-сентябрда партиялар чүчүкулак кармашат


Борбордук шайлоо комиссиясы 13-сентябрда шайлоого катыша турган саясий партиялар арасында мамлекеттик маалымат каражаттарынан бекер чыгуулары үчүн чүчүкулак өткөрмөкчү.

Буга байланыштуу тизмелери каттоодон өткөн саясий партиялар 12-сентябрда кечки саат 18:00гө чейин БШКга кат жүзүндө кайрылып, чүчүкулакка катышуу ниетин билдирүүлөрү керек. Чүчүкулак 13-сентябрда саат 10:00дө башталмакчы. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирет. (IJz)
XS
SM
MD
LG