Жер шарында жыл сайын бир миллион киши, же ар бир 40 көз ирмемде бир адам өз чечими менен бул дүйнөдөн кетет дегенди билдирет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна ылайык, бардык учурларды алдын алууга мүмкүн эмес болгону менен, уулуу зат, курал-жарак өңдөнгөн өзүн өлтүрүүнүн каражаттарын күнүмдүк турмуштан четтетүү сыяктуу чараларын киргизүү, ошондой эле психикалык оорчулукка туш келип, же аракечтик, маң заттарына берилген адамдарга тийиштүү жардам көрсөтүү менен мындай учурларды бир топ азайтуу мүмкүн. Суицид же өз жанын өзү кыйуучулук акыркы 45 жылда 60 пайыздан ашыкка көбөйгөн. Ал Кытай, Жапония, Чыгыш Европа өлкөлөрү менен катар, мурдагы советтик жумурияттарда эң жогорку чекте деп саналат. Кыргызстанда быйыл 500гө чукул киши өз жанын өзү кыйган. (JCH)