Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Быйыл Ысык-Көлдө эс алуу жайлары жетимиш пайызга толду


Бул тууралуу Экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, быйыл жайкы эс алуу сезону мурда болжолдогондон башкача болду. “Себеби жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуучу жайларда коңшу Казакстан, Орусия жана Өзбекстандан келген кардарлардын саны көп болуп турчу. Ал эми быйыл өлкөдөгү соңку окуяларга байланыштуу чет өлкөлүк эс алуучулардын саны кескин аз болду. Бирок бул кемчилик көлгө барган өзүбүздүн эс алуучулардын мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп болгондугу менен кайсы бир деңгээлде толукталды”,- дейт Э. Үмөталиев. Азырынча 2010-жылкы жайкы туризмден канча каражат түшүп, жайкы сезон кандай болгондугу тууралуу толук жыйынтыкты Экономиканы тескөө министрлиги чыгара элек.

Айрым адистер Кыргызстандагы апрель жана июнь окуяларынан кийин өлкөдө жайкы туристтик сезон чабал болот деген божомолдорун айтышкан. Бирок кыргыз өкмөтү чет өлкөлүк туристтердин коопсуздугун камсыз кылууга күчү жетет деп ишендирип, бул жаатта туристтердин унааларын МАИ кызматкерлери коштоп жеткирүү сыяктуу бир катар иш-чараларды уюштурган болчу. (ES)

XS
SM
MD
LG