Үгүт иштеринин мыйзам чегинде өтүүсүн Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын жумушчу тобу көзөмөлдөмөкчү. 10-сентябрда үгүт иштеринин башталышы менен Бишкектин көчөлөрүндө партиялар жарнамаларын илип чыгышты. Гезиттер да ар кыл партиялардын рекламаларына орун беришүүдө. Үгүт иштери шайлоого 24 саат калганда токтотулат. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленген.