Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жыйынына Кыргызстандын тобу да катышат


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эртең башталчу европалык регионалдык комитетинин алтымышынчы сессиясына Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов жетектеген кыргыз делегациясы катышат. Сессиянын программасына регионалдык бюронун ишмердиги туурасында баяндамасы, Европада коомдук ден соолукту коргоо жана саламаттыкты сактоо саясаты жана башка маселелер киргизилген. Сессиянын отурумдарынын биринде Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов «Коомдук саламаттыкты сактоо - адамзаттын ден соолугунун негизги шарты» деген темада билдирүү жасайт. Жыйын 16-сентябрга чейин Москва шаарында өтөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 6 регионалдык бюродон турат. Кыргызстан 1992-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун мүчөсү болуп кабыл алынып, уюмдун Копенгагенде жайгашкан Европалык регионалдык бюросунун курамына кирген. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG