Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Роза Отунбаева: Түштүктө коопсуздукту сактоого өкмөттүн күчү жетет


Бул туурасында президент Роза Отунбаева Оштогу иш сапары учурунда облустун аксакалдары менен жолугушуп жатып билдирди. Аксакалдар саясий партиялардын санын кыскартуу, чагымчыл күчтөрдү чукул арада таап, жазалоо, бийликке таза адамдарды тартуу маселелерин козгошту. Президент Роза Отунбаева июнь айындагы жаңжалды жөнгөрүүгө ал учурда өкмөттө каражат да, күч да болбогондугун айтып, эми мамлекет чет өлкөдөн атайын керектүү каражаттарды алып жаткандыгын, өлкөдөгү ар кандай чыр-чатактарды алдын алууга өкмөттүн кудурети жете тургандыгын билдирди. Президент учурда түштүктө элдин коопсуздугу үчүн кооптонууга эч кандай негиз жок экендигин белгиледи. Мындан тышкары ал эки элдин ортосунда элдешүү чараларын күчөтүү керектигин айтты. Эртең президент укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен жолугушуп, түштүктөгү коомдук кабылдамасын ачат жана журналисттер менен кездешет. (AzK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG