Улуттук жактан экиге бөлүнгөн Митровице шаарындагы кагылышка дүйнөлүк баскетбол чемпионатында түрктөрдүн сербдерди жеңип алышы түрткү болду. Шаардын түштүгүндөгү негизинен албан тектүүлөр жашаган аймакта жаштар «Түркия, Түркия» деп ураан чакырып, негизинен сербдер жашаган шаардын түндүгүн карай ортодогу көпүрөдөн өтүүгө аракеттеништи. Тараптар таш менен атыша баштаганда, жергиликтүү жана европалык тартип коргоочулар ортого түштү.