10-сентябрда үгүт иштери башталгандан бери шайлоого аттанган саясий партиялардын алды жер-жерлерди кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууну башташты.
Ушул тапта Өмүрбек Бабанов жетектеген “Республика” партиясы Ош облусун кыдырууда. Аталган партиянын жетекчилери ага чейин Талас облусун кыдырышкан. Ал эми Өмүрбек Текебаев башындагы “Ата мекен” партиясы ушул тапта Жалал-Абад облусунда шайлоочулар менен жолугушууда. Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков өңдүү мурдагы министрлер башкарган “Ата журт” партиясы үгүт иштерин Ысык-Көлдөн баштап, бүгүн Бишкектиктер менен жолугушуу уюштурушууда. Ал эми “Айкөл эл” партиясынын айрым лидерлери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жолугушууларды өткөрүштү. “Ак шумкар” партиясынын жетекчилиги үгүт иштерин Чүй облусунун Кайыңды, Кара-Балтасынан баштап, Суусамыр өрөөнүндө, Талас облусунда улантышты.
Алдыдагы шайлоодо негизги делген партиялардын бири Социал-демократтар партиясынан билдиришкендей, азырынча бул партия шайлоочулар менен жолугушуу иштерин баштай элек. Калган партиялар да жакынкы арада шайлоочулар менен жолугушууну башташарын айтышууда. (IJz)