Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Жергиликтүү айыл-чарба өндүрүшчүлөрү колдоого алынат


Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун талкуулаган жыйын өткөрдү. Жыйынга Айыл-чарба министри Маматшарип Турдукулов, Мамлекеттик материалдык резервдер корунун жетекчиси, Бажы кызматынын жетекчилери, президенттин администрациясынын жана Каржы министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Материалдык резервдер коруна дыйкандардан 10 сомдон буудай сатып алынып, топтолууда. Ушул тапта жалпы республика боюнча 1200 тонна буудай сатылып алынды.

Айыл-чарба министри М.Турдукуловдун айтымында, ушул тапта Нарын жана Ысык-Көлдөн башка облустарда эгин-тегин жыйноо бүтүп калды.

Жыйын соңунда Мамлекеттик материалдык резервдер коруна Казакстандан 20 миң тонна буудай сатып алууну уюштуруу жана ага карата тендер жарыялоо тапшырылды. Ал эми материалдык резерв катары сактоо үчүн жергиликтүү дыйкандардын буудайларын эркин сатып алуу керектиги чечилди. А.Муралиевдин айтымында, мындай чаралар жергиликтүү айыл-чарба өндүрүшчүлөрүн колдоого да багытталган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG