Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Кадыржан Батыров кыргыз бийликтерин айыптап чыкты


Интернетте жарык көргөн видеодо өзүн “Батыров атындагы Эл достугу университетинин президенти Кадыржан Батыров” деп тааныштырган адам азыр өлкөдө эмес экендигин, кризис өзбектердин сеператизминен эмес, саясий, экономикалык, кылмыштык көйгөйлөрдөн улам чыккандыгын айтып, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев өндөнгөн адамдарды авантюристтер, алар элди карактап жатат деп айыптайт. Жалалабаттык өзбек жамаатынын азыр издөөдөгү лидери ошондой эле Роза Отунбаеванын бийлиги июн окуяларына көз карандысыз иликтөөдөн коркот деп ырастап, өзү өңдөнгөн “ак ниет” адамдардын күнү алыс эмес деп сөзүн жыйынтыктайт.

XS
SM
MD
LG