Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Ирандык дагы бир дипломат Батыштан баш калка сурады


Белгияда ирандык дипломат өз өлкөсүнүн элчилигин таштап, Норвегияга качып кеткени кабарланууда. Иран оппозициясынын Европада жайгашкан бөлүмүнөн маалымдашкандай, Ирандын Брюсселдеги басма сөз катчысы Фарзад Фархангиян жума күнү качкан. Өткөн жумада Ирандын Хелсинкидеги миссиясынын жетекчи орун басары кызматынан кетип, кечээ Финляндияда баш паанек сурады. Анын алдында дипломат Иран президенти Махмуд Ахмадинежадды катуу сындаган эле.

XS
SM
MD
LG