Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:38

Москвада Кыргызстандык эки атуул жол кырсыгынан каза болду


Жекшемби күнү кечинде Москванын Чертановский көчөсүнөн Кыргызстандык 32 жаштагы келинди жана 20 жаштагы кызды Lexus үлгүсүндөгү автоунаа коюп кетип, экөө кырсык болгон жерде жан берген. Унаанын айдоочусу жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен. Укук коргоо органдары тарабынан автоунаа табылып, анын айдоочусун издөө иштери жүргүзүлүүдө. Каза болгон эки атуулдун аты-жөнү такталууда. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин юристти “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG