Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Апрель окуялары боюнча иштер 1-октябрга чейин сотко тапшырылат


Бул тууралуу вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө апрель окуялары боюнча козголгон кылмыш иштердин алкагында 29 айыпкер жоопко тартылмакчы. Алардын алтоосуна эл аралык издөө салынган. Алар мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон анын айрым жакындары жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов, Коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдор. Бүгүнкү күндө издөөдөгү аталган айыпкерлердин бирөөсү да кармала элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG