Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиевдин жетекчилиги асытнда өкмөттө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору талкууланды.
Жыйынга Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Каржы министри Чоробек Имашев, Жаратылыш ресурстары министри Кайрат Жумалиев, Транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаков, “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясынын жетекчиси Аргынбек Малабаев жана президенттик администрациянын жооптуу кызматкерлери катышты.
Жыйын учурунда аталган багыттагы темир жолунун стандарттары, бул боюнча үч өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар тууралуу сөз болду. Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин айтымында, Кытайдын жетекчилиги аталган долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип атканын, ал тургай каржылоо маселеси да кайсы бир деңгээлде чечилип калганын билдирди.
Талкуу жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр А.Муралиев тиешелүү органдардын курамындагы иш тобун түзүүгө жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча бир канча долбоор варианттарын иштеп чыгууга тапшырма берди. Бардык өкмөт мүчөлөрү аталган долбоордун экономикалык жактан мааниси чоң экенин айтышууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)