Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Ооганстанда жасалма шайлоо документтери табылды

Ооганстанда парламенттик шайлоо алдында миңдеген жасалма каттоо карточкалары табылды. Бул тууралуу көз карандысыз шайлоо комиссиясынан маалымдашты. Кабарга караганда, атайын кызматтар Пакистанда басылган 3 миңдей жасалма шайлоо карталарын тапкан. Ишембиде оогандар парламенттин төмөнкү палатасына өкүлдөрүн шайлашат. Өткөн жылкы президенттик добуш берүү массалык бурмалоолор менен коштолгону кабарланып келген.
XS
SM
MD
LG