Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Баткенде балдар дарыгерлери үчүн окуу өтөт


Бүгүндөн тарта 23-сентябрга чейин Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында теориялык-практикалык «Кыргыз Республикасында перинаталдык жардамды жакшыртуу программасынын» алкагында тренингдер өтөт.

Окуунун максаты – төрөлгөн ымыркайлар менен кош бойлууларга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, ошондой эле акушердик-фелдшердик пункттардын жана үй-бүлөлүк медициналык борболордун медициналык адистерин сапаттуу окутуу. Аталган иш-чара БУУнун эне менен бала жаатында Бирдиктүү программасын ишке ашырууда Саламаттык сактоо министрлигинин, ЮНИСЕФ, ЮНФПА жана ДСУнун биргелешкен планынын бөлүгү болуп эсептелет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, каттоодо турган кош бойлуу аялдардын 45 пайызынын кан басымы төмөн, алардын 74,1 пайызы Жалал-Абад областында, 59,8 пайызы Ошто, ал эми Баткенде 58,1 пайызды түзөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG