Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Азамат Алтайдын 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө


Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте “Азамат Алтай - азаттык менен демократиянын жарчысы” деген аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп, коомдук ишмер тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Анда “Азаттык” үналгысынын башатында турган көрүнүктүү журналист жана демократ публицист Азамат Алтайдын (Кудайберген Кожомберди уулу) 90 жылдык мааракесине арналган “Ала-Тоонун Батыштагы бүркүтү” деген китептин бет ачары болду. Китептин автору “Азаттык” үналгысынын директору, тарыхчы Тынчтыкбек Чороев. Иш-чарага студенттер, жазуучулар, окумуштуулар жана журналисттер катышты. Азамат Алтайдын 90 жылдык мааракесине арналган дагы бир жыйын саат 2де Улуттук тарых музейинде уланат.

Кудайберген Кожомбердиев 1953-жылы баш кеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги туңгуч берүүсүн обого алып чыккан. Ал кийин АКШга кетип, чейрек кылымдан ашуун өмүрүн Нью-Йорктогу Колумбия университетинин илимий китепканасына арнап, түркология жана кыргыз таануу боюнча он миңдеген нускадан турган китеп корун түзүп, 1960-жылы Азамат Алтай ысымын алган.

«Азаттык» үналгысынын түптөөчүсү, коомдук ишмер Азамат Алтай 2006-жылы 23-майда 86 жашында рак оорусунун айынан Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG