Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Пакистанда автомат-учактын чабуулунан 11 киши набыт болду

Пакистандын түндүк-батышындагы Ооганстан менен чектеш «уруу» аймактарында "ал-каидачылар" менен талиптердин таяныч эки турагы бомбаланды. Коопсуздук кызматтарына ылайык, америкалык чабуул Ооганстандагы чет элдик аскерлерге каршы кол салууларды уюштуруп келген "Хаккани" тобун бутага алган шекилдүү. Кечээ да автомат-учактардын бомбалоосунда бул аймактарда кеминде 15 киши набыт болгон. Курмандыктардын көпчүлүгү козголоңчулар деп болжолдонууда. Бүгүн Ооганстандын баш калаасында анти-америкалык демонстрацияда бир нече киши жараат алды.
XS
SM
MD
LG