Бүгүн Истамбулда өтүп жаткан түрк тилдүү жумурияттардын самитинде Кызматташтык кеңеши түзүлүп, анын жетекчиси болуп түркиялык ардагер дипломат Халил Акинчи шайланат деп күтүлүүдө. Түрк тилдүү элдердин мындай кеңешин түзүү чечими былтыр кабыл алынган. Азыркы самитке Түркиянын, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстандын президенттери катышууда, жыйынга Өзбекстандын президенти келген жок. Түрк тилдүү элдердин Кызматташттык кеңешинин баш кеңсеси Истамбулда жайгашмакчы.