КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу, июнь окуясында ок жеген 19 жаштагы Жусуп Акбаралы уулуна Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан майыптардын арабасы берилди. Орусия өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Валерий Шуйков куткаруучуга кол салуу адилетсиздик экенин белгилеп, жалпы дүйнө боюнча куткаруучулар өзгөчө кол тийбестикке ээлигин, муну бардыгы билүүсү зарылдыгын айтып кетти. Орусиянын чукул кырдаалдар министрлиги Кыргызстандагы кесиптештерине жүк ташуучу 20 унаа жиберген, өкүлдүн айтуусунда жыл аягына чейин 20 млн. доллар өлчөмүндө техникалык жардам берилмекчи.
Жусуп Акбаралы уулу учурда Ош облустук ооруканасында дарыланууда.(ZKo)
Жусуп Акбаралы уулу учурда Ош облустук ооруканасында дарыланууда.(ZKo)