Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Базар-Коргон окуясы боюнча айыпталгандарга өкүм угузулду


Базар-Коргон райондук соту тарабынан 13-июнь күнү милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөн, башаламандык уюштурган деп айыпталып жаткан сегиз кишинин ичинен бешөө үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Алар: укук коргоочу Азимжан Аскаров, Элмурат Расулов, Дилшатбек Розибаев, Исраилбек Абдураимов, Магамадзакир Кучкаров. Булардан тышкары айыпталуучулардын экөө: Шүкүржан Мырзалимов менен Минура Мамадалиева 20 жылга эркинен ажыратылышты. Ал эми Санжарбек Мувлахунов 9 жылга кесилди.

Соттун дагы бир чечими менен Минура Мамадалиеванын үч баласы Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын карамагына өткөрүлдү. Айыпталуучу соттун бул чечимине макул эместигин билдирип, балдарын өзүнүн ата-энесинин кароосуна калтырууну өтүндү.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата чыгарылган өкүм адилет чечим эмес деген пикирин “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Ал өзү башкарган институт аркылуу иликтөө жүргүзгөнүн, ага ылайык А. Аскаров айыпсыз болуп чыккандыгын айтып, ага карата чыгарылган чечим саясий болду деп эсептейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG