Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Орусия: бейөкмөт уюмдар текшериле баштады


14-сентябрдан тарта Москва прокуратурасы бейөкмөт уюмдарды текшере баштады. Мурда бейөкмөт уюмдар, алардын катарында укук коргоочу уюмдар райондук прокуратуралардан алардын кантип уюшулганы туурасында, финансылык жана башка документтерин текшертип кетүү үчүн жолдомо кат алышканын айтышкан.

Москва шаарынын райондук прокуратуралары өз жеринде жайгашкан баш-аягы 20га чукул өкмөттүк эмес уюмдарга 13-сентябрда кат тараткан. Ал катта тез аранын ичинде кыйла документтерин алып келип текшертүүсүн сунуштаган.

Алардын арасында аттын кашкасындай көзгө илинип келаткан Москвадагы “Хелсинки” тобу, Орусиядагы Human Rights Watch уюму, “Мемориал”, Transparency International Russia, Адам укугу жана демократия өнүгүү борбору, “Добуш” ассоциациясы жана башкалар бар.

Текшерүүгө алынып жаткан уюмдар Орусиянын өкмөтүнө баш ийбеген уюмдардын чет элдик өкүлдөрү же гранттардын эсебинен иш жүргүзгөндөр.

Шаардык прокуратуранын сайтына чыккан маалыматта “бейөкмөт уюмдар тууралуу” федералдык мыйзам иш жүзүндө кандай аткарылып атканы менен таанышуу максатында кайсы бир бейөкмөт уюмдарды текшерүү башталды” деп жазылган.

Укук коргоочулар “коммерциялык эмес уюмдарга көз салуу Адилет министрлигине тиешелүү, ошондуктан эгерде биздин ишкердикти текшергиси келсе прокуратура сотко кайрылышы керек эле” дешет. Transparency International уюмунун жетекчиси Елена Панфилова “бул текшерүү эмнеге негизделгенин түшүндүрүү бизди таң калтырат. Коммерциялык эмес уюмдарды прокуратура текшеришин биринчи жолу көрүп атабыз” деп айтат.

Президент Д.Медведевдин демилгеси менен 2006-жылкы “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам жаңыланган. Ал жерде социалдык багыттагы коомдук уюмдар, калкка жөлөк болгон уюмдар, айлана-чөйрөнү коргоо, агартуу жана билим берүү тармагындагы уюмдар тууралуу айтылат. Жаңыланган мыйзамда бейөкмөт уюмдардын чет элдик макамы боюнча эч кандай кеп козголгон эмес.

Москвадагы “Хелсинки” тобунун лидери Людмила Алексеева “алар мындай текшерүүнү өз демилгеси менен эмес, террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү кызматынын демилгесинен улам жүргүзүп жатышканын айтат” дейт.

Ал эми “Добуш” ассоциациясынын төрайымы Лилия Шабанова “менин баамымда, бул жерде чоң шайлоого даярдык жүрүп атат” деп белгилейт.

Владимир Путин президент болуп турганда “бейөкмөт уюмдар четтен каржылангандыктан алар Батыш өлкөлөрүнүн тыңчылары” деп айткан.

XS
SM
MD
LG