Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

"Мунапыс" уюму А.Аскаров боюнча соттун өкүмүнө нааразылыгын билдирди


"Amnesty International" ("Эл аралык мунапыс") уюмунун Борбор Азия боюнча баш өкүлү Андреа Хубер бүгүн "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, алар Аскаровду бошотууну мурдатан эле талап кылып келишкенин, бирок Аскаров бошотулмак тургай, сот иши акыйкат болбогонун, аны ур-токмокко алышканын, урук-тууган, адвокаттарына ыдык көрсөтүлгөнүн белгиледи. Хубер Аскаровдун оокат-мүлкүн конфискациялоого да “эч кандай” мыйзамдык негиз жок деп эсептей турганын белгиледи.

Өзбек тектүү адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров Базар-Коргондо 13-июнда болгон тополоңду козутуп, адам өлтүрүүгө тийиштиги бар деген айып менен камакка алынган эле. Бүгүн Ноокенде Базар-Коргондун көчмө соту аны өмүр бою түрмөгө кесип, үй-мүлкүн опуздоо жөнүндө өкүмүн чыгарды. Аскаров өзү ага тагылган бир да айыпты мойнуна алган жок. "Эл аралык мунапыс" уюму Аскаровду ага каршы тергөө башталгандан бери эле “абийир туткуну” деп атап жүрөт.

XS
SM
MD
LG