Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Эл аралык валюта кору Кыргызстанга насыя берүүгө макулдугун берди


Аталган кордун аткаруу кеңеши 15-сентябрдагы жыйынында Кыргызстанга тез насыя багыты боюнча 33,73 млн. доллар берүүгө макул болду. Бул тууралуу маалыматты Эл аралык кору таратты. Маалыматта айтылгандай бул насыя акча Кыргызстанга апрель-июнь окуяларынан кийин жабыркаган экономиканы көтөрүү максатында берилип жатат. Эл аралык кору өлкөдө болуп өткөн башаламандыктар айыл чарбасына, инфраструктурага, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарына терс таасирин тийгизген деп эсептейт.

Эл аралык аткаруу корунун аткаруу кеңеши кабыл алган чечимден кийин бөлүнгөн сумма толугу менен тез арада берилүүгө жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG