“Ата мекен” партиясынын өкүлдөрү “Кара-Буурадагы Аманбаев айылындагы № 31-32-бекеттериндеги шайлоо комиссиясынын төрагалары жалаң өздөрүнүн туугандарын мүчөлүккө алышкан” деп нааразы болушууда. Ал эми Талас районундагы Өмүралиев айылындагы “Ата мекен”, Социал-демократтар партияларынын айрым өкүлдөрү шайлоо комиссиясына партиялардын мүчөлөрү алынышы керектигин айтып чыгышты. Облустук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эки чатакты жеринде текшерип, Аманбаев айылында шайлоо комиссиясында тууганчылык жок экенин такташканын жана Өмүралиев айылындагы чатак партиянын мүчөлөрү Шайлоо кодекси менен таанышпагандыктан чыкканын билдиришип, бул жагдай боюнча алар тараптан эки акт түзүлгөнүн “Азаттыкка” маалымдашты. (UA)