Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

А. Абдурасулова: А. Аскаров июнь окуяларынын алдын алууга көмөктөшкөн


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова укук коргоочу Азимжан Аскаров май айында күч кызматтарына маанилүү маалымат жеткиргенин кабарлайт. Анын айтуусунда үстүбүздөгү жылдын май айында А. Аскаров “Базар-Коргон районунда өзбек улутундагылар курал алып келип жатышат” деген маалыматты ошол мезгилдеги Убактылуу өкмөттүн түштүктөгү атайын өкүлү Исмаил Исаковго кабарлаган. “И. Исаков менен А. Аскаров жолугушканда биз да жанында болгонбуз, генерал мырза бул маалыматты териштирерин, бир жыйынтык чыкмайынча башкаларга эч нерсе билдирбешибизди өтүнгөн. Эми ошол июнь окуясынын алдын алууга көмөктөшкөн А. Аскаровду, тескерисинче, Базар-Коргондо башаламандык уюштурган деп айыптап жатышат” дейт укук коргоочу Азиза Абдурасулова.

Бул маалымат боюнча мурдагы коргоо министри И. Исаков менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Жардамчысынын "Азаттыкка" айтуусунда, саясий партиялардын биринен парламенттик шайлоого ат салышып жаткан генералдын бош убактысы болбой жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG