Ош шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы Искендер Жороевдин маалыматы боюнча бүгүнкү күнү эл ташууга 500 кичиавтобус чыкты. Анын айтуусунда каттамдардын багытында бир аз өзгөртүүлөр болду, ошондой эле айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Июнь окуясына чейин түштүк борборунда 800 кичиавтобус эл ташып иштечү. Коогалаңдан кийин унаалардын саны дээрлик эки эсе кыскарган. Тополоң учурунда 30 чакты унаа уурдалып кеткен, иликтөө иштеринин натыйжасында 6 кичиавтобус мыйзамдуу ээлерине кайтарылып берилген.(ZKo)