Бүгүн Владикавказ шаарынын борборуна чогулган жүздөгөн адамдар жергиликтүү бийликтен шаарда аскердик көзөмөлдү кеңейтип, республиканын чек араларында текшерүүнү күчөтүүнү сурашты. Алар ошондой эле күч органдарындагы коррупцияны азайтуу, 2004-жылдагы жүздөгөн адам набыт болгон Беслан окуясын иликтөөнү эскертишти. 9-сентябрда Владикавказда борборук базарда жанкечтининин жардыруусунан 17 киши көз жуумп, эки жүзгө чукул жарадaр болгон.