Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

АКШ Сенатынын комитети СТАРТ келишимин жактырды


АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитети АКШ менен Россия ортосундагы стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча жаңы келишимди (СТАРТ) жактырды. Документ эми бүтүндөй Сенаттын кароосуна жиберилет. Президент Обама сенаторлорду келишимди тезиреек колго салууга үндөдү. Оппозициядагы республикачыл партиянын өкүлдөрү келишим АКШнын ракетадан коргонуу системасын жакшыртуу же ядролук арсеналды модернизациялоо пландарына жолтоо болушу мүмкүн деп ырасташууда. Пакт күчүнө кириши үчүн Орус думасынын да колдоосун табууга тийиш. Документке эки өлкөнүн президенттери быйыл апрелде Прагада кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG