Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:51

Сыгандар маселеси Брюсселде кызуу талкууланды


Брюсселде Евробиримдиктин саммити өттү. Анын күн тартибине башка маселелер киргизилгени менен Франциянын сыгандарды депортациялашы катуу талаштарга алып келди. Европа Комиссиясынын төрагасы Жозе Манэул Баррозо улуттук азчылыктарды дискриминациялоо кабыл алынаарлык эмес деп билдирди. Айрым кабарларга караганда, Баррозо менен француз президенти Николя Саркози кайым айтышууга чейин барышты. Туш-туштан айтылган катуу сынга карабай, Саркози мыйзамсыз лагерлерди көчүрүү улана берет деди. Жыл башынан бери Румыния жана Болгариядан келген 8 миңдей сыгандар Франциядан депортацияланган.

XS
SM
MD
LG