Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:31

Шайлоо өткөрүүгө даярдык аяктады


Шайлоо өткөрүүгө колдоо көрсөтүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда бүгүнкү күнгө чейин бардык жерде шайлоо участоктору, райондук, шаардык жана облустук шайлоо комиссиялары түзүлүп бүттү. 10-октябрда боло турган парламенттик шайлоодо 2333 шайлоо участогу, 56 шаардык жана райондук, 7 облустук, 2 шаардык (Бишкек жана Ош) шайлоо комиссиялары иш алып барат.
БШКнын маалыматы боюнча бардык шайлоо комиссияларынын курамы акыйкат, ар кайсы партиялардын мүчөлөрүнөн, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коом өкүлдөрүнөн түзүлдү. Мындан тышкары комиссия курамын түзүүдө гендердик маселе башкы орунга коюлуп, жаштар тартылган.
Добуш берүүгө катышуучу шайлоочулардын тизмеси такталып, толукталып бүттү. Ал эми добуш берүүнү каржылык жактан камсыздоо маселеси да чечилген, каржы министрлиги тарабынан БШКга 136 млн. сом которулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG