Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Жалал-Абадда өзбек маданий борборунун вице-президентинин соту башталды


Бирок бүгүн башталган сот иши дароо эле 22-сентябрга жылдырылды. Ага соттолуучу У. Абдусаламовдун ооруп калганы себеп болду. Сот катчысы андан тышкары жабырлануучулар менен күбөлөр да келбей калганын маалымдады. Сотто облустагы өзбек улуттук маданий борборунун вице- президенти Улугбек Абдусаламов менен бирге дагы үч кишиге байланыштуу кылмыш иши каралмакчы. Жактоочулардын маалыматы боюнча аларга массалык баш аламандыктар менен улуттар аралык араздашууну, талкалоолорду уюштурган деген бир нече айыптар коюлган.

Улукбек Абдусаламов кармалганга чейин өзбек жана кыргыз тилдеринде чыгуучу “ Дийдор” аттуу гезиттин редактору болгон. Облустук прокуратура ал Өзбекстанга өтүп баратканда кыргыз-өзбек чек арасынан кармалганын билдирген. Өзбек улуттук маданий борбордун президенти Кадыржан Батыров 16-сентябрда таркаткан видеокайрылуусунда У. Абдусаламов, укук коргоочу А. Аскаров туура эмес кармалганын айтып чыккан. (YA)

XS
SM
MD
LG