Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Бенедикт XVI элдешүү сапарын улантууда


Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Бенедикт XVI Британиядагы мамлекеттик сапары уланууда. Папа бүгүн Аглосаксон чиркөөсүнүн башчысы, Кентерберий чиркөөсүнүн архиепискобу Роуэн Уильмс менен кездешет. Сүйлөшүүнүн максаты - Ватикан менен англосаксон чиркөөсүнүн алакасын жакшыртуу. 16-сентябрда Папа Британиянын канышасы Елизавета II менен жолугушту жана Глазгодо ачык асман алдында кутпа окуду. Мессага 65 миңдей динзар катышты. Бенедикт XVI өз сөзүндө католик диниятчылардын бачабаздыгына байланыштуу чактактарга токтолуп, чиркөө күнөөкөрлөрдү тез жазалай албаганын учкай айта кетти.

XS
SM
MD
LG