Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Еврокомиссия: А.Закаевди камакка алууга укуктук негиз жок


Польшада чечен жикчилеринин сүргүндөгү ана башчыларынын бири Ахмад Закаев кармалды. Закаевге ырасмий Варшава Польшага келсе камаларын жана Москвага өткөрүп берилерин эскерткенине карабай, ал Пулутск шаарына сүргүндөгү чечендердин эки күндүк курултайына барган.

Полициянын маалымдашынча, Закаев жума күнү Варшавада көчөдө камакка алынып, прокуратурага өткөрүп берилген. Таанылбаган Чечен Ичкерия Республикасынын ардактуу консулу Адам Боровский: “Ахмад Закаев өзү полицияга келгенин маалымдаганы жаткан. Бул полициянын ийгилиги эмес. Силер полиция Закаевди кармап алды деп айта албайсыңар. Биз өзүбүздүн жакшы ыкласыбызды көрсөтө алган жокпуз”,-деп билдирди.

Закаев Британиядан саясый баш паанек алып, 2003-жылдан бери Лондондо жашап жаткан.

Польшанын премьер-министри Дональд Тусктун түшүндүрүшүнчө, чечен саясатчысына Интерпол издөө салгандыктан, ал токтоосуз камакка алыныш керек болчу.

Россия бийликтери Ахмад Закаевди 1990-жылдардагы орус аскерлери менен чечен жикчилеринин согушу учурунда кылмыштуу иштерди жасаган деп, ага эл аралык издөө салган.

Кремлдин өкүлү Александр Хлопонин: “Ахмад Закаев эл аралык террорчу, Ал Россияда соттолууга тийиш”,- деп, аныy Россияга тезинен өткөрүп берилишин кайрадан талап кылды.

Еврокомиссиянын өкүлү Мишел Черконе “Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысына берген интервьюда: "Жалпысынан алганда, эгер үчүнчү бир өлкө баш паанек берсе жана Евробиримдикке мүчө өлкөдө эл аралык коргоо алса, ал адам негизинен уюмга мүчө өлкөнүн жаранына тең юридикалык укукка ээ болот. Жалпы жагдай, жалпы негиз ушундай,"-деп, А. Закаевди камакка алуу талаштуу маселе экенине ишара кылды.

XS
SM
MD
LG