Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

В. Путин 2012-жылкы президенттик шайлоого тымызын камданууда


Россия өкмөттүк “Reg-ru” регистри август айында “Putin-2012.rf” деген аталыштагы орус арибиндеги бир нече Интернет сайтты каттоодон өткөргөнү маалымдалды. Сайтты Федералдык күзөт кызматы каттаткан. Бирок Россиянын жогорку жетекчилерин күзөтүүчү агенттик президент Медведевдин атынан мындай сайтты каттаткан эмес. Мындан улам көпчүлүк талдоочулар бул жышаан Владимир Путин келерки президенттик шайлоого катыша турганын билдирет деп боолгошот. Бирок премьер-министр Путиндин өкүлү Дмитрий Песков сайтты каттоо Путиндин президенттикке ат салышарын билдирбейт деп түшүндүрдү. 2000-2008-жылдары эки мөөнөт президенттик кылган Путин өзү азырынча президенттик шайлоого катышар-катышпасын айта элек. Путин жана Медведев шайлоого ким чыгарын өз ара масилеттешип, кырдаалга жараша чечишерин билдирген.

XS
SM
MD
LG