Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өтө турган 65-сессиясына катышуу үчүн кыргыз президенти 19-сентябрда учуп кетет. Бул иш сапардын алкагында башка мамлекеттердин делегация башчылары жана бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуулар белгиленген. БУУнун аталган жыйынында жүз алтымыштан ашуун маселелер талкууга алынаары кабарланууда. (ES)