Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Венада бүгүн МАГАТЭнин жыйыны ачылат


Алдыдагы бир апта аралыгында уюмга мүчө 151 өлкөнүн өкүлдөрү Ирандын талаштуу өзөктүк программасынан тышкары Израилдин өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине карата турумун талкуулашат. Жыйында араб өлкөлөрүнүн демилгеси менен Израилди өзөктүк куралдан баш тартууга чакырган резолюция долбоору талкууланары күтүлүүдө. Израиль Жакынкы Чыгыштын өзөктүк куралы бар жалгыз өлкөсү деп жоромолдонуп жүрөт. АКШ жыйын алдында мындай резолюцияга каршылыгын билдирип, анын кабыл алынышы Жакынкы Чыгыштагы жаңы тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратуусу мүмкүн экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG