Жогорку деңгээлдеги үч күндүк жыйын учурунда дүйнө өлкөлөрү БУУ Миң жылдыктын өнүгүү максаттары программасында мерчемдеген иш-чараларды кандай аткарып жаткандыгы талкууга алынат. БУУ 2000-жылы 2015-жылга чейин жакырчылыктын, ачарчылыктын, ооруу-сыркоонун, балдар менен энелер өлүмүнүн деңгээлин кыскартууну мерчемдеген. Бүгүн башталып жаткан саммитке кыргыз президенти Роза Отунбаева да катышат. Саммиттин соңунан 23-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы саясий талкуулары башталат. Нью-Йорктогу сапары учурунда Роза Отунбаева бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү да күтүлүүдө.