Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Тажикстандагы кол салуудан 23 аскер каза тапты


Тажик Коргоо министрлиги кечээ кечиндеги билдирүүсүндө кол салууну “террордук чабуул” деп атады жана ал үчүн жоопкерчиликти мурдагы талаа командирлери молдо Абдулло же Абдулло Рахимов менен Али Бедак же Аловуддин Давлатовдун топторуна жүктөдү. Расмий маалыматта кол салуудан 23 аскер кызматчысы каза таап, дагы бир нечеси жаракат алганы айтылганы менен Дүйшөмбү шаарындагы “Азия плюс” агенттиги өз булактарына шилтеме жасап, өлгөндөрдүн саны кеминде 40, алардын бешөө офицер экендигин, 10дон ашуун аскер кызматчысы жаракат алганын кабарлады. Окуя борбор Дүйшөмбүдөн 180-200 чакырым аралыктагы Рашт өрөөнүндө болгон. Өкмөттүк аскерлер түшкөн эки унаа капчыгайдан оозунан гранатометтон жана пулемоттон аткыланган.

Аскерлер ал аймакка өткөн айда түрмөдөн качып кеткен 25 кылмышкерди издөө операциясынын алкагында барышкан. Өткөн аптада Рашт районунда Тажикстандын күч структураларынын жетекчилери менен ал аймакты байырлаган мурдагы талаа командирлери ортосунда сүйлөшүүлөр да өткөн болчу. Анда аймакка кошумча күчтөр молдо Абдуллонун тобун кармоо үчүн да киргизилгени айтылып, сүйлөшүүгө катышкан мурдагы талаа командирлеринен бул иште жардам суралганын бейрасмий булактар билдиришкен. Молдо Абдулло 1997-жылы жарандык согуштун аякташына алып келген тынчтык келишимин кабыл албаган талаа командири катары эсептелинет. Тажик президенти Эмомали Рахмон Рашттагы кан төгүүнү Нью-Йоркто БУУнун саммитине катышуу максатында жүргөн жеринен укту жана президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, күч органдарынан аймакта көзөмөл орнотууну талап кылды жана каза тапкан аскер кызматчылардын үй-бүлөсүнө көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

XS
SM
MD
LG