Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:16

Президент Р.Отунбаева Нью-Йоркко барды


Президент Роза Отунбаева Бириккен улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясынын 65-сессиясына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барды.

БУУнун жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча “Миң жылдыктын өнүгүү максаттары” аттуу программанын отурумунда Р.Отунбаева кеңири доклад жасайт.

Ошондой эле ал иш сапарынын алкагында БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык кордун президенти Канае Нванзе, Европа комиссиясынын вице-президенти Кэтрин Эштон, белгилүү финансист Жорж Сорос жана бир катар мамлекет башчылары менен жолугушууну пландаган.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG