Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Тажикстанда набыт болгон аскерлердин саны 25ке жетти


Ооганстан менен чектеш Рашт өрөөнүндөгү тажик аскерлери менен исламисттердин атышуусунда кеминде 25 аскер көз жуумп, ондогон аскерлер жарадар болгону кабарланууда. Тажикстан коргоо министри Фаридин Махмадалиевдин айтуусунда, аскерлер Рашт тарапка бараткан жолдо күчтүү куралданган согушкерлердин чабуулуна кабылган. Ошондой эле министр кол салгандар тобу 1990-жылдардагы жарандык согушка катышкан мурдагы талаа командирлери менен байланышкан адамдар экендигин кошумчалады. Согушкерлердин тобуна Ооганстан, Пакистан жана Чеченстандан чыккандар кирери айтылууда. Тажик аскерлери өткөн айда Дүйшөмбүдөгү коопсуздук кызматынын абагынан качып, эмдигиче эркиндикте жүргөн 18 кылмышкерди кармоого бараткан.

XS
SM
MD
LG