Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Бишкекке 1 млн. 200 миң сомдук өтмөчырактар коюлду


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет. Баасы 1 миллион 200 миң сом (25 530 АКШ доллары) турган эки өтмөчырак (светофордук) объектиси Бишкек шаарынын Панфилов – Москва жана Панфилов – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине орнотулду. Ушундай эле кымбат баалуу өтмөчырактарды жылдын аягына чейин Панфилов – Бөкөнбаев, Панфилов – Толстой, Панфилов – Кулатов, Тыналиев – Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине орнотуу пландалган. “Электрондук такталар жабыштырылган жаңы үлгүдөгү мындай өтмөчырактар жол кыймылынын катышуучулары үчүн абдан ыңгайлуу” делет маалыматта.

Wikipedia.org маалыматтык түйүнүндөгү маалыматтарга караганда, заманбап үлгүдөгү бир өтмөчырак объектисинин орточо баасы 25-30 миң АКШ долларына барабар. (IJz)

XS
SM
MD
LG