Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Тажикстан менен чектеш Карамык чек ара бекети ачык


Бул тууралуу Чек ара кызматынын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. Кечээ Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” берген маегинде Тажикстан менен чектеш аймактар күчөтүлгөн режимде кайтарууга алынып, Карамык бекети убактылуу жабылганын айткан. Ал ошондой эле Баткен облусуна шашылыш түрдө Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынан атайын бөлүктөрдүн аскерлери жөнөтүлгөнүн билдирген.

Тажикстандын Коргоо министрлигинин 19-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда Дүйшөмбү шаарынан 180-200 чакырым аралыктагы Рашт өрөөнүндө өкмөттүк жоокерлер түшкөн эки унааны капчыгайдын оозунан гранатометтон жана пулемоттон аткылап, андан 23 аскер каза болгон. Тажик күч органдары бул кол салууну “террордук чабуул” деп атады жана ал үчүн жоопкерчиликти мурдагы талаа командирлери молдо Абдулло же Абдулло Рахимов менен Али Бедак же Аловуддин Давлатовдун топторуна жүктөдү. Ал эми Дүйшөмбү шаарындагы “Азия плюс” агенттиги өз булактарына шилтеме жасап, өлгөндөрдүн саны кеминде 40, алардын бешөө офицер экендигин, 10дон ашуун аскер кызматчысы жаракат алганын кабарлады. (AJ)

XS
SM
MD
LG