Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Султан Кайназаров АКШдан “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, президент Роза Отунбаева БУУнун 65-сессиясынын ачылыш аземине катышкандан кийин, ЮНИСЕФтин жетекчиси Энтони Лейк менен жолугушуп, ЮНИСЕФтин программаларынын Кыргызстанда аткарылышы жана алдыда аткарылуучу иштер тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Андан соң Роза Отунбаева Ислам Конференциясынын баш катчысы Экмелледин Ихсаноглу менен жолугушуп, өлкөдөгү диний абал, июнь айындагы түштүктөгү окуянын чоо-жайына токтолду. Тараптар бизнес багытында кызматташтыкты арттыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Катардын шейхи Хамад бин Халиф аль-Тани менен жолугушууда, ал президент Роза Отунбаеваны Катарга расмий сапары менен келип кетүүгө чакыруу жолдоду. Эртең Роза Отунбаева Улуттар Уюмунун жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча “Миң жылдыктын өнүгүү максаттары” деген программасын талкууда сөз сүйлөшү күтүлүүдө. (AJ)