Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Өзбек президенти Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларга эл аралык иликтөө керек деп эсептейт


Ислам Каримов бул тууралуу дүйшөмбү күнү БУУдагы саммитте сүйлөгөн учурунда айтты. Ал эми июндагы улут аралык жаңжаалга карата өзбек президенти төмөнкүдөй баасын берди:

-Азыр бизде кыргыздардын өздөрү жана республиканын түштүгүндө жашаган көп сандагы өзбек диаспорасы үчүнчү күчтөрдүн терең ойлонулган жана жакшы уюшулган акциясынын барымтасына түшүп калды деп айтууга толук негиз бар. Ал акция өлкөдө хаос жана башкарылгыс кырдаал жаратууну гана эмес, бул кыргынга Өзбекстанды аралаштыруу жана акыр аягында улут аралык тирешүүнү эки коңшу өлкөнүн мамлекет аралык тирешине айлантуу боюнча алыска кеткен максатты көздөгөн. Мына ушундай татаал жана жарылып кетчидей кырдаалда окуялардын ойлонулган сценарий боюнча кетишине жол бербөө биз үчүн оор көйгөй болду.

Ислам Каримовдун пикиринде, эл аралык иликтөө Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу кылмыштын уюштуруучусун, заказ берүүчүсүн, аткаруучуларын сот жообуна тартуу, мындай окуялардын кайталануусуна жол бербөө үчүн зарыл. Буга чейин жарыялангандай, түштүктөгү улут аралык жаңжаал боюнча эл аралык иликтөөнү ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча өкүлү Киммо Кильюнен баштаган топ жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG