Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Ооганстандын түштүгүндө тик учактын кыйроосунан НАТОнун тогуз аскери мерт болду


Алардан тышкары дагы төрт жоокер жаракат алды. НАТОнун эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн ( ISAF) билдиргенине караганда, тик учак кыйраган аймакта душмандын огу атылган эмес. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат. Каза тапкан жоокерлер кайсыл өлкөнүн жарандары экендиги да азырынча айтыла элек. Ушуну менен быйылкы жыл ичи эле Ооганстанда 529 чет элдик аскер курман болду. Бул тогузунчу жыл жүрүп жаткан согушта чет элдик аскерлер Ооганстанда быйыл эң көп жоготууга учуроодо дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG