Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

БУУнун үйү алдына Ө.Токтонасыров пикетке чыкты


“7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров Бириккен улуттар уюмунун Бишкектеги үйүнүн алдына пикетке чыкты.

Ал колуна “Бейтараптуулук” деген сөз жазылган кагаз кармап алып, июнь окуяларын иликтеген эл аралык комиссия ишин ачык жүргүзбөй атканына нааразы болууда. Анын айтымында, ушул тапта эл аралык комиссия түштүктө иликтөө иштерди баштады, бирок алар иштеп баштаганы тууралуу бир дагы жерде билдирүү кылышкан жок. Ошондой эле иликтөө методдору да бүдөмүк, белгисиз болуп жатат.

“Бул эл аралык комиссиянын курамы дагы белгисиз. Ал жакка кыргыздарды геноцид кылышты деп айыптаган уюмдардын өкүлдөрү да кирип кеткен болуусу мүмкүн. Ошондуктан мен ачыктыкты талап кылам”,- дейт Ө.Токтонасыров. Азырынча аны менен сүйлөшүүгө БУУнун үйүнөн бирөө жарым чыга элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG