Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалыматтык борбору билдирет. Ушул тапта Баткен облусундагы чек арачыларга Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынан алып барылган аскерлер, атайын бөлүктөрдүн жоокерлери көмөк көрсөтүшүүдө. Чек ара тилкелери бекемделип, Тажикстан тараптан куралчан топтордун кирип келүүсүн алдын алуу чаралары көрүлүүдө.
Эскерте кетсек, 19-сентябрда Тажикстандын чыгышындагы Рашт районунда козголоңчу топтор аскер колоннасына кол салып, натыйжада 23 аскер атышууда көз жумуп, бир канчасы оор жаракат алышкан. Тажик бийликтери бул кол салууну террор катары баалашып, муну талаа командирлери Аловуддин Давлатов жана Абдулло Молдо деген ат менен таанымал Абдулло Рахимовдун куралчан топтору уюштурганын айтышууда. Аталган талаа командирлеринин кол алдында Ооганстан, Пакистан жана Орусиядан келген жалданма адамдар бар экени айтылууда. Кыргызстандын чек арачылары Тажикстанда куралдуу топтор баш көтөрө баштагандан бери күчөтүлгөн тартипте иштеп келатышат. (IJz)