Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун бул жөнүндө дүйнөдө ашкере жакырчылыкты 2015-жылга чейин жоюуну талкуулаган үч күндүк саммиттин алдынан айтты. Пан Ги Мун донор өлкөлөргө кайрылып, азыркы финансылык кризиске каршы күрөш жакырларга жардам үчүн бөлүнчү акчанын эсебинен чечилбеш керек деп билдирди. Экономикалык кризистен көбүрөөк жабыр тарткан Испаниянын өкмөт-башчысы Хосе Луис Родригес Запатеро жакырчылык менен күрөшүү үчүн башка каржылык булактарды издеп көрүш керек деген эле.