Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Молдованын Конституциялык Соту парламентти таркатууну буйруду


Муну сот эки жолу тең парламент өлкөнүн президентин шайлай албай койгону менен түшүндүрдү. Өлкөнүн убактылуу президенти Михай Гимпуга жолдонгон чечимге ылайык, президент парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоонун күнүн жарыялашы керек. Молдовада президентти парламентте эмес, жалпы элдик добуш берүү аркылуу тандоону сунуштаган референдум 5-сентябрда ийгиликсиз аяктаган - ага шайлоочулар аз келген. Гимпунун жардамчысы билдиргенине караганда, эми убактылуу президент шайлоону 28-ноябрга белгилеш үчүн парламентти 28-сентябрга чейин таркатууну пландап жатат.

XS
SM
MD
LG